Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
25/03 17:44
 

Екатеринбургдагы кыргыз диаспорасы Ноорузду майрамдады

Бишкек, 25-март /Кабар/. Екатеринбургда Маяковский атындагы маданий жана эс алуу паркында «Нооруз» майрамына арналган майрамдык иш-чара болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министринин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара жергиликтүү бийлик органдарынын, ошондой эле Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Татарстан жана Башкирия коомдук бирикмелери менен биргеликте уюштурулду.

Майрамга Свердлов облусунун өкмөтүнүн жана губернаторунун администрациясынын өкүлдөрү, диаспоралар, элчилик корпусунун жана башка өкүлдөрү чакырылды.

Аты аталган өлкөлөрдүн чыгармачыл топторунун музыкалык, фольклордук жана бий номерлери уюштурулду. Бардык конокторго улуттук ашкананын майрамдык тамак-аштарын ооз тийгизишти.

23-мартта «Нооруз» майрамынын алкагында кыргыз диаспорасы спорттук иш-чара уюштурду. Катышуучуларга эстеликке кубок жана акчалай сыйлыктар берилди.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу