Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
21/03 11:08
 

М. Турганбаев: “Ар бир үйдө ырыскы, жерибизде бейпилдик, өлкөбүздө тынчтык, элде ыйман болсун”

Бишкек, 21-март /Кабар/. Бишкек ШИИББнын жетекчиси милициянын генерал-майору Мелис Турганбаев Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди. Куттуктоодо мындай деп айтылат:

“Сиздерди жакшы ниет, аруу тилектер менен күткөн Нооруз жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Жаркырап кирип келген жаз майрамы жергебизге жакшылыктарды тартуулап, жаркын маанай чачкан, берекесин төккөн ак жолтой, куттуу жылдардан болсун!

Нооруз бул жаз майрамы. Бул мезгилде бүткүл адамдардын, жаш-кары дебей баардыгынын пейили жашарат, өзгөрөт. Кыргыздар илгертен эле жаздын келишин, чөптүн чыгышын, булактын көзүнүн ачылышын жакшылыкка жорушат. Ар бир үйдө ырыскы, жерибизде бейпилдик, өлкөбүздө тынчтык, элде ыйман болсун. Дасторконубуз ар дайым Нооруз күндөгүдөй жайнап, жашообуз жакшырсын. Көктөмдөй болуп дайыма адамды жашартып, тазартып, арчадай болуп өңдөн азбай адамдар көпкө бакубат жашап, өлкөбүз тез эле бутунан туруп, оңолуп кетишин каалайм. Жер бети кыймылга кирип көктөм баралына келет. Жаратылыштын жанданышын ата-бабаларыбыз жыл эсебинин башталышы улуу майрам катары Ноорузду жыл башы жаңы күн деп белгилешкен.

Мына ушундай улуу майрамда ар дайым үйүңүздөрдөн кут кетпей, маанайыңыздар майрамдагыдай жанып турсун. Сиздердин жана ар бир кыргызстандыктын үйүнө береке, ырыс-ынтымак толсун!

Ар бирибиз улуу ата бабалардын жолун жолдоп, максаттарыбызды туура белгилеп, кыргыз мамлекетин көздүн карегиндей сактап, алга карай ишенимдүү кадам таштоо менен жашообуздун бардык чөйрөсүндө албан-албан ийгиликтерди камсыз кылаарыбызга бекем ишенем!
Мекенибизде тынчтык жана ынтымак болсун! Нооруз майрамыңыздар кут болсун!”

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу