Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
01/03 16:44
 

Россиялык илимпоз кыргызстандык мигранттардын деңгээли жогору экендигин белгиледи

Бишкек, 1-март /Кабар/. Россиялык демограф-илимпоз Жанна Зайончковская Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттардын ичинен кыргыз мигранттары гана “’элитный” деп атады. Ал мындай пкирин 27-февралда КР Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу Академиясында болуп өткөн лекцияда айтты.
Анын маалыматына ылайык, учурда Россиянын аймагында 11-13 млн. эмгек мигранттары бар. Жылына Өзбекстандан 1,5 млн., Тажикстандан 1 млн.дон ашык, Кыргызстандан 500 миңдин тегерегиндеги мигранттар барышат.
Россиянын башкы миграциялык донору катары Өзбекстан менен Тажикстан эсептелет. Бирок, мигранттардын саны боюнча коңшу өлкөлөргө жол бошотуп берген кыргызстандык мигранттар сапаттуу эмгек күчү менен бааланат.
“Кыргыз мигранттары – Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң эле ак сөөк, билимдүүлөрү. Кыргыз мигранттары орус тилин жакшы өздөштүрүшкөн. Билимдүү, эмгекчил, айтор башкалардан айырмаланып турушат. Бул аларга жогорку маяналуу иштерде иштегенге жардам берет. Эл менен иштөө өзгөчө билимди талап кылат. Андыктан кыргызстандыктар супермаркеттерде, мейманканаларда, ооруканаларда, курулуш тармагында эмгектенишет. Ошондуктан россиялык ишкерлер кыргыздарды гана ишке алууну каалашат. А калгандарын кайра окутууга туура келет”.- деди ал.
Адистин айтуусунда РФ мигранттарсыз алдыга жылуусу кыйын. Анткени жыл сайын эмгекке жарамдуу адамдардын саны Россияда азаюуда. Мындай кырдаал Германия, Италия, Польша, Японияда да бар. Борбор Азия өлкөлөрү да бул көйгөйгө кабылууда. 2030-2050-жылдарга карата калктын картаюусу менен эмгекке жарамдуу күчтүн кыскарышы күтүлүүдө. Өзгөчө Өзбекстанда жаштардын аздыгы, картайгандардын санынын көптүгү боюнча Россия менен бир катарда турат. Ал эми Кыргызстан менен Казакстанда ишке жарамдуулардын азайышы жайыраак болушу күтүлөт.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу