Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
15/01 16:37
 

Кыргызстан менен Украинанын Соода өнөр-жай палаталары бизнес-форум өткөрөт

Бишкек, 15-январь /Кабар/. Украинанын Киев жана Херсон шаарларында Кыргызстан менен Украинанын Соода өнөр жай палаталары 2 өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода өнөр-жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чараны 2014-жылдын 1-апрелинде Киевде, 3-апрелде Херсондо өткөрүү пландаштырылууда. Бизнес-форумга кыргызстандык 30га жакын айыл чарба, курулуш жана туризм тармагында ишмердик жүргүзгөн компания, ишканалардын өкүлдөрү катышат.

Мындай бизнес-форум алгачкы ирет өткөрүлүп жатат. Эки өлкөнүн Соода өнөр-жай палаталары аны жыл сайын өткөрүүгө ниеттенишүүдө. КРнын палатасы бизнес-форум кыргызстандык жана украиналык ишкерлерге сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, келечектүү кызматташуулардын варианттарын талкуулоого, келечектеги өнөктөшү тууралуу так маалымат алууга шарт түзөт. Ошондой эле украиналык ишкерлердин Кыргызстанга келүүсү пландаштырылууда.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу