Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
15/01 09:09
 

Чүй районунда дарыялардын жээктерин бекемдөө иштери улантылууда

Бишкек, 15-январь /Кабар/. Чүй районундагы Кегети айыл аймагында 2014-жылдын 13-январы күнү Совет айылы менен Кара-Ой айылдарынын ортосунан агып өтүүчү Талды-Булак суусунда муз тоңуп, суунун деңгээли көтөрүлгөнү байкалган. Жээк бекемдөө иштерине ЖЭМ №954 ишканасынан 1 компрессор отбойник, 1 экскаватор тартылып, 2014-жылдын 14-январында саат 17:00гө чейин 90 чарчы метр муздан тазаланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Турак үйлөрдү каптоо коркунучу жок. Жумуш толугу менен аяктады.

Ошондой Красный строитель дачалык чегинде 2014-жылдын 14-январы күнү саат 12:20да, түндүк-чыгыш тарабынан Чу дарыясы тоңуп, турак үйлөрдүн короолоруна суу кирүү коркунучун туудурган.

Жээкти бекемдөө иштерине ЖЭМ-34 ишканасынан 2 самосвал, 1 жүктөгүч,1 кран, 1 экскаватор, КРнын ӨКМнүн Токмок шаардык Куткаруу кызматынан беш куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, 105 тонна кум шагыл жээкке төгүлүп, дарыянын 100м узундугу муздан тазаланды.

Өзгөчө кырдаал түзүлгөн жерде ыкчам тобу иш алып барышты. 2014-жылдын 15-январында тазалоо иштери улантылат. Турак үйлөрдү суу каптоо коркунучу жок.


 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу