Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
08/01 10:54
 

9-январда Бишкектин айрым райондорунда муздак суу берүү токтотулат

Бишкек, 8-январь /Кабар/. 9-январда Бишкектин айрым райондорунда муздак суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, «Кайнар» ишканасынын Тоголок Молдо көчөсү боюнча Д-400 мм суу түтүгүнө кошулуусу үчүн курулуш монтаждоо иштерине байланыштуу 2014-жылы 9-январда саат 9дан 21ге чейин Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов , Саадаев көчөлөрүнүн кесилиши жана «Ала-Арча» , «Красный строитель», «Көлмө», «Ак-Тилек», «Алтын Бешик», «Саламаталик» конуштарында жана мекеме, ишканалар: Сафонов «Химиялык заводу», Чүй бириккен автовокзалдар жана автостанциялары, №18,35 мектептер, №12 бала бакча, Аскердик колледж, АН биотехникалык институту, «Электросила» кооперативи, «Хисар» ишканасы,Фере көчөсү боюнча «Бишкектурбаза» туркомплекси, Шаардык туберкулезге каршы ооруканасы, Биринчи май районунун аскердик комиссиясы, «Бишкекжылуулуккоммунэнерго» буу казандары, Жаш гвардия, Урицкий көчөлөрү жана «Бишкексууканалынын» автобазасында муздак суу берүү токтотулат.

«Бишкексууканалы» жашоочулардан жана мекеме, ишканалардан ыңгайсыздык жаратканы үчүн кечирим сурайт жана таза сууну алдын ала камсыздап алууну сунуштайт.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу