Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
31/12 14:13
 

Кыргызстандын мыкты дипломаттарына “Тилекмат аке” төш белгиси тагылды

Бишкек, 31-декабрь /Кабар/. Бүгүн, 31-декабрда “Кыргызстандын дипломаттары” коомдук уюму КР ТИМ Дипломатиялык академиясы жана “Тилекмат аке” фонду менен биргеликте 2013-жылдагы Кыргызстандын мыкты дипломаттарына төш белгилерди тапшыруу иш чарасын өткөрдү. Бул тууралуу ТИМ маалымат кызматы билдирди.

“Кыргызстандын дипломаттары” коомдук бирикмеси кеңешинин чечими менен 2013-жылы Кыргызстандын мыкты дипломаттары деп төмөндөгүлөр таанылды:

- Толук жана Ыйгарым укуктуу элчи, КР ТИМ экс-министри, ШКУнун экс-Башкы катчысы Иманалиев Муратбек Сансызбаевич;

- Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи, министрдин ШКУ маселелери боюнча кеңешчиси Осмоналиев Асанбек Арстаналиевич.

Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын алга жылдырууга кошкон чоң салымы жана Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркын көтөрүүдөгү эмгеги үчүн сыйланат:

- 1-даражадагы “Тилекмат аке” төш белгиси менен - Иманалиев Муратбек Сансызбаевич,
- 2-даражадагы “Тилекмат аке” төш белгиси менен - Осмоналиев Асанбек Арстаналиевич.
 

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу