Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
04/12 11:45
 

А.Бөрүбаев: “Парламент 70 жылдан ашуун тарыхында тар жол, тайгак кечүүнү басып өттү”

Бишкек, 4-декабрь /Алтынай Мураталиева-Кабар/. Парламент 70 жылдан ашуун тарыхында тар жол, тайгак кечүүнү басып өттү. Бул туурасында бүгүн парламенттик радиодон ЖКнын мурунку эл өкүлдөр палатасынын төрагасы Алтай Бөрүбаев билдирди.

Анын айтымында, башка парламенттик өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандын праламентинин тарыхы – көз ирмем сыяктуу кабылданат. “Бирок ошого карабастан, өзгөчө, акыркы жылдары парламент кыйын кырдаалды башынан өткөрдү. Конституциянын негизинде парламенттик өлкөгө карай кадам шилтеп, алгылыкту иштер жасалууда.

Эгемендүүлүккө ээ болгон соң кабыл алынган Баш мыйзамга бир нече ирет өзгөртүүлөр киргизилди. Ал эми кийинки референдум жолу аркылуу кабыл алынган учурдагы Конституцияда адам жана сөз эркиндигине өзгөчө басым жасалды. Бул жагынан анын салмагы бааларлык”, - деп билдирди экс-спикер.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу