Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
05/11 11:35
 

Россиядагы кыргыз эмгек мигранттары мекенине кайтууда

Бишкек, 5-ноябрь /Кабар/. Россиядагы мигранттарга каршы багытталган тополоңдордон кийин айрым кыргыз жарандары өз эрки менен мекенине кайтып жатышат. Бул тууралуу Москвадагы “Ала-Тоо” коомдук уюмунун жетекчиси Жамила Бегиева “Би би си” радиосуна билдирди.

“Азыр 260 миңдей кыргыз жараны депортациялык тизмеде турат. “Орус маршына” чейин мигранттарга байланыштуу 3 окуя болуп өттү. Ошондуктан көбү бүгүн эшикке чыгышкан жок. Башка күндөрү деле ашыкча эшикке чыккандан коркуп жатышат. Айрыкча Бирюлеводогу окуядан кийин ушундай болуп калды”- дейт Ж.Бегиева.

Анын айтымында турмуш-тиричилиги ойдогудай болгондору “кой эми, ушунчасы жетишет, үйүбүзгө барып, тынч жашайлы” деп Россиядан кетип жатышат.
Анын үстүнө жумушка уруксат берүү кагазы 2 миң рубль турушу керек. Азыр 32 миң турат. Аны алыш кыйын. Алгандан кийин да кээ бирлери жасалма чыгып жатат. Москвада жумушка уруксат алуунун баасы 40 миңге жетип калды. Ортомчу фирмалар да пайда таап жатат.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу