Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
02/11 16:27
 

Петербургда «Жек көрүүгө каршы марш» өттү

Петербургда   «Жек көрүүгө каршы марш» өттү

Бишкек, 2-ноябрь /Кабар/. 2-ноябрда Россиянын Петербург шаарында жыл сайын болуучу «Жек көрүүгө каршы марш» өткөндүгүн «Интерфакс» агенттиги билдирди.
Маалыматта 2013-жылы «Россия талкалоосуз» деген аталыштагы ураан менен өткөн акция бир саатка жакын созулуп, 150гө жакын адам чогулгандыгы такталган. Алар Биржевой өтмөгүнөн Сахаров аянтына чейин жүрүш жасашып, митинг өткөрүшкөн. Анда акциянын катышуучуларына жөнөтүлгөн sms-билдирүүлөр сценадан окулду. Митингде ошондой эле Санкт-Петербургдагы адам укугу боюнча өкүл Александр Шишлов да сөз сүйлөгөн.
Уюштуруучулардын айтуусунда, марш жакында Москванын «Бирюлево» районунда болгон башаламандыктарга жооп иретинде уюштурулду. Акциянын катышуучулары адамдарды кандайдыр-бир белгилери, анын ичинде улуттук жана диний өзгөчөлүгүнөн улам дискриминациялоого каршы чыгышууда. Мындан тышкары марштын жүрүшүндө акциянын катышуучулары саясый жагдайдан улам жоопко тартылып, камакта жаткандарга каражат чогултулду.
«Фонтанки.рунун» маалыматы боюнча, акция учурунда полиция колонналардын биринде гейлер менен дилог түзүүгө аракеттенген жана «аларды аял төрөгөн» деп түшүндүрүүгө аракет кылган үч улутчулду кармады. Алар бөлүмгө жеткирилип, азырынча протокол түзүлгөндүгү белгисиз.
Петербургда «Жек көрүүгө каршы марш» 2004-жылдан бери өтүүдө. Бул акция жек көрүүчүлүк маанайындагы кылмыштарга эксперт катары катышып жүргөн укук коргоочу Николай Гиренконун туулган күнүнө арналат. Марштын уюштуруучусу 20га жакын коомдук уюмдарды жана кыймылдарды бириктирген «Демократиялык Петербург» коалициясы болууда.

 

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу