Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
24/10 09:43
 

Россияда кароосуз калган балдарды репатриациялоо максатында келерки жылга 1 млн сом каралган

Бишкек, 23-октябрь /Алтынай Мураталиева-Кабар/. Россияда кароосуз калган балдарды мекенине алып келүү максатында келерки жылга 1 млн сом каралаган. Бул туурасында КР социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев журналисттерге билдирген.
Анын айтымында, Россияда кароосуз калган балдарды алып келүү үчүн өкмөттөн каражат бөлүнүшү керек.

“Тилекке каршы, 2013-жылга карата эч кандай каражат бөлүнгөн эмес. Ошол себептүү бул маселе азыркыга дейре чечилбей келген.Бирок, каражат тартыштыгына карабастан, демөөрчүүлөрдү таап, Россияга жибердим. Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына дейре 3 баланы Кыргызстанга алып келебиз”, - деп билдирген министр.

К.Базарбаев белгилегендей, бул маселеге орчундуу мамиле талап кылынат. Маалыматка ылайык, учурда Россияда 12 кыргызстандык бала бар.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу