Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
30/09 18:12
 

1-октябрда Бишкектин айрым райондорунда таза суу берүү убактылуу токтотулат

Бишкек,30-сентябрь /Кабар/. Бишкектин айрым райондорунда ” Түндүк” суу каналынын жабдууларын оңдоо иштерине байланыштуу 1-октябрда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

1-1-октябрда саат 9дан 21ге чейин Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев көчөлөрүндө, Ала-Арча жана “Красный строитель”, “Көлмө”, “Ак-Тилек”, “Алтын-Бешик” жаңы конуштарында таза суу берүү токтотулат. 

Ошондой эле Чүй автовокзал жана автостанция бирикмеси, Краснодонсев көчөсүндөгү Аскердик колледж, Биотехинституту, “Электросили“ кооперативи, АКК “Хисар”, Фере көчөсүндөгү “Бишкектурбазасында”, Кургак учук ооруканасында, Биринчи май райондук аскер комиссариатында, №18 мектепте, Жаш Гвардия жана Урицко көчөлөрүндө суу берүү токтотулат. “Бишкексууканал” башкармалыгы шаардыктардан жана мекеме уюмдардан сууну алдын ала толтуруп алуусун өтүнөт.  
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу