Коом

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
21/08 11:21
 

Матмырза Болотбеков: “Россия Өкмөтүнүн кыргыз мигранттарына болгон мамилеси башкаларга салыштырмалуу жакшы”

Бишкек, 21-август /Махабат Момуналиева - Кабар/. “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Россиядагы “Ата-Журт” кыргыз диаспорасынын төрагасынын орун басары Матмырза Болотбеков Кыргызстандан Россияга эмгектенгени кетип жаткан жарандар үчүн бул жакта орус тил курстарын уюштурса деген оюн айтты.

Ал Россияда орус тилди үйрөнүү боюнча атайын курстар уюштурулгандыгын, бирок ал кымбатка туруп жаткандыгын айтты.

“Айылда өсүп чоңоюп жада калса Бишкекти көрбөгөн жаш балдар Россияга барышууда. Алар бир сөз орусча билишпейт. Ал жакка барганда аны үйрөнүүгө аракет кылышууда. Эгерде кете тургандар үчүн бул жакта орус тилден курстар уюштурулса, ал арзан болмок жана анын ал жакта ишке орношушуна оңой болмок”, - деп айтты М.Болотбеков.

Ал Россия Өкмөтүнүн кыргыз мигранттарына болгон мамилеси башкаларга салыштырмалуу жакшы экендигин айтты.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу