Коом

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
11/07 09:12
 

Мира Итикеева: “Жаңы конуштарда ата-энелеринин паспортунун жоктугунан улам туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдар бар”

Бишкек, 11-июль /Махабат Момуналиева - Кабар/. Бишкектеги жаңы конуштардын биринде туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок 136 бала аныкталган. Бул тууралуу 10-июлда Бишкекте өткөн жогорку деңгээлдеги эл аралык конференцияда Эдвокаси жана балдар укуктары боюнча улуттук ассоциациянын өкүлү Мира Итикеева билдирди. 

Анын айтымында, алардын ассоциациясы жаңы конушта мектепке барбаган балдарды аныктоо үчүн үймө-үй кыдырышкан.

“Анда 136 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экендиги аныкталды. 76 бала ата-энесинин паспорттору жоктугуна байланыштуу күбөлүк алышкан эмес. Баарыбызга маалым болгондой эле, туруктуу бир жерде жашабагандыгы, каттоосу жок документ алуу кыйынга турат. Мындай учурда балдар жабыр тартууда”, - дейт М.Итикеева.

Ал бул адамдардын категориясы социалдык кызматтарды алууга да мүмкүндүгү жок экендигин билдирди. 

М.Итикеева булар акырындык менен коомчулуктан чыгып калып жаткандыгын айтты
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу