22.06.2013, 11:38

Быйыл ай сайын кошумча жөлөкпул иретинде 15 млн. сом төлөнгөн

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Үстүбүздөгү жылы ай сайын кошумча жөлөкпул иретинде 15 млн сом төлөнгөн, деп маалымдайт Социалдык өнүктүрүү министрлиги.
Ведомство маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 790 кыргызстандык ай сайын 3 миң 700 сом көлөмүндө кошумча жөлөкпул алат. Анын 497си – 18 жашка чейинки балдар жана 293 адам – мүмкүнчүлүгү чектелген жарндар болуп эсептелет.
“Жөлөкпул “2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардан жабыркаган жана каза болгондордун үй-бүлөсүн социалдык коргоого алуу жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруу алкагында төлөнүүдө».
Мыйзам актысына ылайык, жөлөкпул каза болгондордун балдарына 18 жашка чейин жана каза болгон адам жалгыз бала болсо, ата-энеси пенсия курагына жеткенге дейре төлөнүп берилет. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жабыркоочулар жөлөк пул алууга акылуу», - деп айтылат билдирүүдө.