Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдөгү башкы тармактардын бири - тоо-кен тармагы
Бишкек, 6-июнь /Махабат Момуналиева - Кабар/. Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдөгү башкы тармактардын бири - тоо-кен тармагы. Бул тууралуу Бишкекте өткөн жыйында Кыргыз Республикасынын экономика министри Темир Сариев билдирди.
Анын айтымында, өнүккөн экономика болмоюн, өлкөнүн келечеги оор болот.
“Экономикабыз өнүксө балдар сапаттуу билим алышат, куру кыйкырыктар менен көчөгө чыккандар болбойт”, - деди Т.Сариев.
Ал кендерди иштеткен инвесторлор дайыма жергиликтүү калктын кысымына туш болоорун билдирди.