Коом

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
21/05 14:28
 

Кыргызстанда мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк принциби боюнча 15 долбоор ишке ашат

Бишкек, 21-май /Махабат Момуналиева - Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк принциби боюнча 15 долбоор ишке ашат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов билдирди.

Анын айтымында, долбоорлор жол куруу, жолдорду жарыктандыруу, туризм, саламаттык сактоо жана башка тармактарда ишке ашырылат.

Ал мындай принцип, тоо-кен тармагында гана пайдаланылбай тургандыгын билдирди.

“Тоо-кен тармагында чоң киреше бар. Ушул себептен, бул сектор мамлекеттик жана жеке өнөктөштүк принцибинде иштетилбейт”, - дейт С.Муканбетов.

Ал Кыргызстанда саясий бейпилдик сакталса, долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүн экендигин айтты. 
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу