Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
07/05 17:52
 

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевди Жеңиш күнү менен куттуктады

Бишкек, 7-май /Кабар/. Президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондон Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына карата куттуктоо келип түштү. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович,
Сизге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 68 жылдыгына карата чын жүрөктөн чыккан куттуктоо жибергениме курсантмын.
Ушул күнү өз өмүрүнүн баасы менен кан майданда жана оордукта талыкпас эмгеги менен жеңишке жеткирген чоң аталарыбыздын, аталарыбыздын эрдигине таазим кылабыз. Алардын эрдигинин жана майтарылбас эркинин аркасы менен биз ачык асман алдында жашап жатабыз. Тынчтык жана бейпил турмуш үчүн курман болгондордун элеси биздин жүрөгүбүздө дайыма жашай берет.

Учурдан пайдаланып, урматтуу Алмазбек Шаршенович, согуштун ардагерлерине жана оордуктун эмгекчилерине узак өмүр, чың ден соолук жана кажыбас кайрат кааларымды айтып коюуңузду өтүнөм.
Урматтоо менен, Эмомали Рахмон”
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу