Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
11/04 16:53
 

Кыргыздардын негизги душманы өз ара тартышы, деп эсептейт Т.Абдыракунов

 Бишкек, 11-апрель /Аскат Турусбеков - Кабар/. Кыргыздардын негизги душманы өз ара тартышы болуп саналат. Бул тууралуу бүгүн “Кыргыз этносунун фольклорунда жана жазуу эстеликтериндеги башкаруу маселелери” аттуу Улуу кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган илимий-тажрыйбалык конференцияда К.Карасаев атындагы БГУнун доценти Турдубай Абдыракунов билдирди.

Анын айтымында, “Манас” эпосунда бул көйгөй абдан мыкты көрсөтүлгөн. “Мисалы, Көкөтөйдүн ашында Жолой менен Коңурбайдын мамилелеринин чыңалуусу көрсөтүлөт. Башкача айтканда, кыргыздарга карата тышкы душмандардын саясий абалынын чыңалуусу. Экинчиси ички карама-каршылык, анда түшүнбөстүктөр хан Манас менен 7 кыргыз уруусунун ортосунда пайда болот. Алар Манастын саясатына макул болушкан эмес. Аны өлтүрүп, бириккен кыргыз урууларынын бийлигин түзүүнү каалашкан”, - деп айтып берди доцент.

“Бул окуя Сагымбай манасчынын айтуусунда, Манастын акылмандыгы аркылуу куралдуу каршылыкка жетпейт. Саякбайдын жана башка бир нече манасчылардын айтуусу боюнча, Таластагы салгылашта хандын аскерлери 7 уруунун чуулганын токтотуп, аларды Бээжин тарапка кубалайт. Эпостогу бул үзүндүнү азыр да көрүүгө болот. Буга көрүнүктүү мисал, биргелешип түзүүнүн ордуна биз өз ара кармашып жатканыбыз”, - деп белгиледи Т.Абдыракунов.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу