22.06.2012, 17:29

КР Мамлекеттик кадр кызматынын директору мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Кыргызстандын Мамлекеттик Кадр кызматынын директору Нурхан Момуналиев мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады. 

Бул майрамдын белгиленип жатышы - Кыргызстандын эгемендүү, демократиялык мамлекет болушу үчүн мамлекеттик кызматтын маанилүү орду бар экендигинен кабар берип турат. 

Мамлекетти сактоо жана аны өнүктүрүү, экономикалык рынокту өркүндөтүү жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу тапшырмалары биздин кызматтын моюнунда турат. 

“Бүгүнкү күндө эл бизден профессионалдуулукту, жогорку нравалуулукту, гумандуулукту, социалдык адилеттикти, патриоттуулукту жана мыйзамдуулукту сактоону күтөт”-дейт директор.