Коом

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
31/05 16:01
 

Депутат У. Кочкоров кош жарандуулугу бар адамды саясый кызматка дайындоодон баш тартууну сунуштап жатат

Бишкек, 31-май /Жолдош Жусупов - Кабар/. Кыргызстанда кош жарандуулугу бар адам саясый кызматка дайындалбай калышы мүмкүн. Буга байланыштуу “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров бир катар мыйзам актыларына алымча-кошумча киргизүүнү сунуштап жатканы, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду. 

Жыйында У. Кочкоров чет өлкөлүк жарандыгы бар адам орчундуу саясый кызматка дайындалса, ал башка мамлекеттин кызыкчылыгында иш алып барышы мүмкүн экендигин белгиледи. “Кош жарандуулугу бар адамды жумушка алган кызмат адамын дагы жоопко тартуу зарыл. Муну менен катар мамкызматкер мыйзамсыз иштен алынган учурда, ага компенсация бюджеттен эмес, аны мыйзамсыз иштен алган чиновниктин айлык акысынын эсебинен берилиши керек”, - дейт депутат.

Мында депутат күнөөлүү адам келтирилген материалдык чыгымды калыбына келтиргенге чейин башка кызматка дайындабай турууну сунуштап жатат. 

У.Кочкоровдун бул мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. 
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу