Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
18/01 09:33
 

КР Юстиция министри:Кадрлар маселесин чечүүдѳ ар кандай телефондук чалуулар мага эч таасирин тийгизе албайт

Бишкек, 18-январь /Кабар/. КР юстиция министрлигинде ѳткѳрүлгѳн чукул кеңешмеде министр А.Шыкмаматов алдыда боло турган кадрларды кыскартууда башкы критерий болуп алардын иш билгилиги жана ѳз милдетине жоопкерчилик мамилеси эсептелерин белгиледи. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министрдин пикиринде, буга чейин кадр жаатында орун алып келген протекционизм мамлекеттин кадр саясатына, иш билги кадрлардын потенциалын түзүүгѳ терс таасирин тийгизип, жалпы мамлекеттик ишти жүргүзүүгѳ тоскоолдук кылып келген. Андыктан, деп баса кѳрсѳттү министр, бул анын принциптүү позициясы болуп эсептелет жана министрликтеги кадрлар маселесин чечүүдѳ ал үчүн ар кандай телефондук чалуулар эч таасирин тийгизе албайт.
“Министрликтин кызматкерлеринин санын 20 пайызга кыскартуу аргасыз чара жана анын максаты бюджеттик каражаттарды үнѳмдѳѳ болгондуктан, биз аны жүзѳгѳ ашырууда «Бардык тартип каржы тартибинен башталат» деген принципти тутунууга тийишпиз”-деди ал.

Ал ушул маселелерди кылдат талдап чыгууга, ошондой эле каржылык отчеттуулукту кѳзѳмѳлдѳѳнү күчѳтѳ турган укуктук актыларды даярдоого кѳрсѳтмѳ берди.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу