Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
20/12 13:48
 

Г.Султаналиева: Өкмөттүн жаңы түзүмү социалдык чыңалуу, элдик толкундоолорго алып келет

Бишкек, 20-декабрь. /Махабат Момуналиева-Кабар/. Өкмөттүн жаңы түзүмү социалдык чыңалууга алып келет, өз кезегинде ал элдик толкундоолор менен коштолушу мүмкүн. Бул тууралуу Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында Жогорку Кеңештин экс депутаты, “Доор эли” уюмунун директору Гүлжамал Султаналиева билдирди.

Анын айтымында, коомчулуктун көйгөйүнө көңүл бөлүнүп, социалдык маселелер чечилип, социалдык саясат туура багытта жүрсө, саясый абал да тынч болот.

“Өкмөттүн жаңы түзүмүндө социалдык блок жокко эсе. Бул багытта иш алып барган министрликтер жоюлуууда. Мындай шартта эл аралык деңгээлде иш алып барууга мүмкүн эмес”, - деди ал.

Ал балдар, үй-бүлө саясаты мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлбөй жатышы жаман кабар экендигин айтты. “Мамлекеттин камкордугу үй-бүлөдө башталышы керек”, - дейт эксдепутат. 
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу