Коом

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
30/11 13:42
 

Чубак ажы Жалилов: Эртең ажылык сапарга аттангандар Кыргызстанга толук кайтып келет

Чубак ажы Жалилов: Эртең ажылык сапарга аттангандар Кыргызстанга толук кайтып келет

Бишкек, 30-ноябрь. /Мээрим Ибраева-Кабар/. Эртең, 1-декабрда, ажылык сапарга аттангандар Сауд Аравиясынан Кыргызстанга толук кайтып келет. Бул туурасында бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов билдирди. 

Белгилей кетсек, кечээ айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында ажылыкка аттангандар Кыргызстанга кайтып келүүдө кыйынчылыкка кабылып жатканы тууралуу маалымат тараган. Чубай ажы Жалилов эч кандай кыйынчылыктар жок экенин белгиледи. “Ажылыкка аттангандардын акыркылары эртең 2 рейс менен Ошко келип конот. Баш-аягы 26 рейс менен кыргызстандыктар Сауд Аравиясынан учуп келишмек. Учурда 23 рейс келди. Калган 3 рейстин бирөө бүгүн кечинде, калган экөө эртең Ошко келип конот”, - дейт ал.

Кыргызстан муфтийи ажылыкка аттангандардын кармалып жатканына авиакомпаниядагы иштин мүчүлүштүгү эмес, Сауд Аравиясынын талабы негиз болуп жатканын билдирди. “Сауд Аравиясы ажылыкка баргандар кеминде 30 күн жүрсүн деген талапты коюшкан. Мындан ары Сауд Аравиясына болгон ажылык сапар 30-40 күнгө созулат. Мурда 16-18 күн, ашып кетсе 26 күнгө чейин созулчу”, - дейт Чубак ажы Жалилов.

 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу