Коом

Февраль 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28          
21/10 08:46
 

ЕККУ Кыргызстандагы Аял-милициялардын Ассоциациясынын бир жылдыгын белгилөөнү колдойт

ЕККУ Кыргызстандагы Аял-милициялардын Ассоциациясынын бир жылдыгын белгилөөнү колдойт

Бишкек, 21-октябрь /Кабар/. 20-октябрда ЕККУнун колдоосу астында аял-милициялардын ролу жөнүндөгү талкуу болду. Бул туурасында аталган уюмдун басма сөз кызматынын маалыматында айтылат. Бул жолугушуу Кыргызстандагы аял-милициялардын Ассоциациясынын бир жылдыгына арналган.Талкууда милиция кызматындагы аялдардын ролу, ИИМдин ишинде гендердик теңдиктин принциптеринин ишке ашышы жана Ассоциациянын 2010-жылдын октябрынан берки жетишкендиктери жана келечекке болгон пландары жөнүндө сөз болду.

“Аялдар кылмыштуулукту алдын алууда жана аны менен күрөшүүдө чоң салым кошушат, өзгөчө кээ бир адамдардын мамлекеттик мекемелердин ишине ишенбеген учурда чоң салым кошушат. Ассоциация аял-милицияларга тажрыйбалары менен алмашууга жана күч структураларында кызмат кылуусун кеңейтүүгө жардам берет”- дейт ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысынын орун басары Лилиан Дарий.

КР Ички иштер министринин 1-орун басары Бактыбек Алымбековдун пикирине караганда аялдар министрликте иштеген бардык кызматкерлердин 25% түзөт. Аялдар кээ бир учурларда эркектерге караганда жакшы иш алып барышат. ИИМде иштеген аял-милициялар мамлекетибизде татаал учурда Ассоциацияны түзүү демилгеси менен кайрылышты. Өткөн жыл Ассоциациянын калыптануу мезгили болду. Биз эми Ассоциация милициянын ишине жардам берет жана силердин демилгелериңер ведомстволук деңгээлде ишке ашат деп ойлойбуз.

Бул жолугушууда эл-аралык аял-милициялардын Ассоциациясынын Президенти Жейн Таунсли Эл аралык Аял-милициялардын Ассоциациясынын Шериктеш Мүчөлүгүнүн күбөлүгүн Кыргызстандагы Ассоциациядагы коллегаларына тапшырды.

Кыргызстандагы Аял-милициялардын Ассоциациясы ЕККУнун Бишкектеги борборунун Коомдук Коопсуздук долбоорунун алкагындагы “Кыргыз Республикасынын органдарын реформалоо” долбоорунун бир бөлүгү катары колдоого алынды.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу