14.01.2017, 14:20

Караколдо ДКОго катышкан комузчуларга ыраазычылык билдиришти

Караколдо ДКОго катышкан комузчуларга ыраазычылык билдиришти

Бишкек, 14-январь /Кабар/. Каракол шаарындагы К.Жантошев атындагы драма театрынын мекемесинде Ысык-Көл облусунун башчысы Аскат Акибаев КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына активдүү катышкан комузчулардын жамаатына ыраазычылык каттарды тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

“Сыйлык алышыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздердин комузда кол ойнотконуңуздарга дүйнөлүк коомчулук, андан тышкары бүтүндөй кыргызстандыктар таң калышып, сыймыктанышты, сиздерге чын денсоолук, чыгармачылыктагы ийгиликтерди каалайм”,-деди ыйгарым укуктуу өкүл.

Эскерте кетсек, 2-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатында Атай Огонбаевдин “Маш ботой” күүсүн бир эле учурда 1000 комузчу черткен эле.