13.01.2017, 17:11

Режиссер Н.Жолдошева Даккада өтө турган 15-эл аралык кинофестивалдын калыстар курамына кирди

Режиссер Н.Жолдошева Даккада өтө турган 15-эл аралык кинофестивалдын калыстар курамына кирди

Бишкек, 13-января /Кабар/. Айтыш Фильм киностудиясынын кызматкери, кинорежиссер, “Кыргызстан кыска метраждуу фильмдердин өлкөсү” эл аралык кино фондунун арт-директору Ника Жолдошева быйыл 12-20-январда Даккада (Бангладеш) өтө турган 15-эл аралык кинофестивалдын калыстар курамына кирди. Бул тууралуу “Айтыш фильм” киностудиясынын маалымат катчысы Чолпон Идрисова билдирди.

Кинофестивалда дүйнө жүзүнөн 170ден ашык көркөм, документалдуу жана кыска метраждуу фильмдер көрсөтүлөт. Фестивалдын алкагында Азия жана Австралия фильмдери, ретроспектива, дүйнөлүк кино, балдар фильмдери, аял кинематографисттердин фильмдери, кыска метраждуу жана эркин кино программасы секцияларында тасмалар сынга коюлат.

Белгилей кетсек, кинофестивалда режиссер Э.Абдыжапаровдун “Кекеч”, режиссерлор Б.Мукул менен Д.Жапар уулунун “Атанын керээзи”, режиссер Н.Абдыкадыровдун “Бомба менен сапар алуу” аттуу ата-мекендик тасмалар тартууланат.