Билим жана маданият

Сентябрь 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
13/01 10:24
 

Кыргызстандын мектептери беш күндүк окууга өтөт

Кыргызстандын мектептери беш күндүк окууга өтөт

Бишкек, 13-январь /Кабар/. Кыргызстандын мектептери 2016-2017-окуу жылынын 2-жарымынан тартып беш күндүк окууга өтөт, деп билдирди КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан.

“2016-17-окуу жылынын 2-жарымынан тартып КРнын бардык типтеги жана менчик формаларындагы жалпы билим берүү уюмдарынын 1-11 –класстарын жумасына беш күндүк окууга өткөрүү бекитилсин, мында жумалык окуу 30 сааттан ашкан учурда алты күндүк окуу белгиленсин”,-деп айтылат ведомствонун буйругунда.

Учурда Мамлекеттик билим берүү стандарты боюнча окууга чектелген оордук 1-5-класстарга 20 сааттан 30 саатка чейин, 6-11-класстарга 30-33 саатка чейин белгиленген. Ушуга ылайык жумасына алты күндүк окууга өткөрүү окуучулардын ата-энелеринин макулдугу менен кошумча билим берилген учурда ишке ашыруу сунуш кылынган.

 

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу