12.01.2017, 17:54

Бишкекте космонавтиканы өздөштүрүүгө негиз салган С.Королевго арналган көргөзмө ачылды

Бишкекте космонавтиканы өздөштүрүүгө негиз салган С.Королевго арналган көргөзмө ачылды

Бишкек, 12-январь /Кабар/. А.Осмонов атындагы Улуттук китепканынын Орус маданияты жана адабияты борборунун окуу залында Советтик окумуштуу, Жердин жасалма жандоочусу болгон биринчи ракетанын башкы конструктору Сергей Павлович Королевдун төрөлгөндүгүнүн 110 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү ачылды.

СССР убагында космос мейкиндигин өздөштүрүү, жердин алгачкы жандоочусун жана космоско биринчи мертебе адамды учуруу академик Сергей Королёвдун ысмы менен байланыштуу.

Көргөзмөгө С.Королевдун тандалма эмгектери, документтер, ал тууралуу жазылгандар, эскерүүлөр коюлган. Көргөзмө 2017-жылдын 26-январына чейин болот.