Билим жана маданият

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
12/01 16:52
 

Ошто 20-кылымдагы кыргыздын залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров эскерилди

Ошто 20-кылымдагы кыргыздын залкар обончусу жана ырчысы Рыспай Абдыкадыров эскерилди

Бишкек, 12-январь /Кабар/. Бүгүн, 12-январь залкар обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнүнө карата, эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салтанат Аманова, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, ырчынын жакындары, маданият кызматкерлери, жазуучулар, жогорку окуу жайлардын жамааттары, акындар жана шаар тургундары катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Улуу талант Р.Абдыкадыровдун наамын алып жүргөн Ош облустук филармониясында митинг-реквием өтүп, анын эстелигине гул чамбарлар коюлду.

Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы С.Аманова Рыспай Абдыкадыровдун калтырып кеткен чыгармалары элдин жүрөгүндө түбөлүк жашай тургандыгын билдирди.

Митинг-реквиемге100дөн ашуун адам атышып, Рыспай Абдыкадыров кыргызга бир келчү өчпөс талант экендигин баса белгилешти.
Иш-чаранын жүрүшүндө Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын ырчылары улуу таланттын кайрыктарын келгендерге сунуштады.

Белгилей кетсек, Кыргыз музыка дүйнөсүнө өзүнүн күчтүү обондору, ырлары менен белгилүү болгон улуу талант Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы жарык дүйнөгө келип, 1994-жылы каза болгон. “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти”, обончу 200дөн ашуун чыгармаларын өзүнөн кийинки муунга калтырып кеткен, Рыспай Абдыкадыровдун көзү тирүү болгондо 76 жашка чыкмак.

1 из 7

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу