11.01.2017, 18:14

Кыргызстандагы эң мыкты китепканалар аныкталды

 Кыргызстандагы эң мыкты китепканалар аныкталды

Бишкек, 11-январь /Кабар/. Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министрлиги маданий мекемелер арасында “Эң мыкты китепкана” жана “Эң начар китепкана” наамына республикалык кароо-сынак өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Сынактын жыйынтыгы боюнча республикалык комиссия эң мыкты китепканаларды тандады. Аталган республикалык кароо-сынакка 1 миң 61 китепкана катышты.

Эң мыкты китепканалар:
1. Баткен облусундагы Баткен районунун Бужум айылындагы китепкана;
2. Жалал-Абад облустук китепканасы;
3. Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Терек айыл өкмөтүнүн Кара-Коо айылындагы китепкана;
4. Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Жаңы-Жол айылындагы китепкана;
5. Токтогул Сталыганов атындагы Ош облустук китепканасы;
6. Аман Токтогулов атындагы Талас облустук китепканасы;
7. Чүй облустук китепканасы.