Билим жана маданият

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
10/01 15:47
 

Түркияда Чынгыз Айтматовдун элесине арналган кече болду

 Түркияда Чынгыз Айтматовдун элесине арналган кече болду

Бишкек, 10-январь /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов 7-январда жыл сайын Анкара шаарында өткөн китеп көргөзмөсүнүн алкагында элчиликтин колдоосу менен уюштурулган Чынгыз Айтматовдун элесине арналган кечеге катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле, иш-чарага Ч.Айтматовдун баласы – Аскар Айтматов, Евразия жазуучулар биримдигинин башчысы Я.Омероглу, андан тышкары улуу кыргыз жазуучусунун чыгармаларынын окурмандары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ч.Айтматовдун кыргыз адабиятына, дегеле түрк дүйнөсүнүн адабиятына кошкон салымы, анын өлбөс-өчпөс чыгармалары өзгөчө белгиленди.

Китеп көргөзмөсүнүн алкагында келүүчүлөр үчүн китеп стенди ачылып, ал жерде Ч.Айтматовдун түрк тилине которулган чыгармалары коюлду.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу