Билим жана маданият

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
06/01 10:13
 

Кыргызстандагы эң мыкты маданият үйлөрү аныкталды

Кыргызстандагы эң мыкты маданият үйлөрү аныкталды

Бишкек, 6-январь /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маданият үйлөрүнүн, клубдардын арасында «Эң мыкты маданият үйү» жана «Эң начар маданият үйү» аттуу кароо-сынагын өткөрдү.

Сынактын жыйынтыгында республикалык комиссия эң мыкты маданият үйлөрүн, клубдарын аныктады.
Сынакка 704 маданият үйлөрү, клубдар катышты.
Төмөнкүлөр “Эң мыкты маданият үйү” наамын жеңип алышты:
1.Баткен облусу – Лейлек районунунТогуз-Булак айыл өкмөтүндөгү Кара-Булак айылынын маданият үйү.
2. Жалал-Абад облусу – Аксы районунун Кашка-Суу айылындагы маданият үйү жана Токтогул районунун Саргата айылындагы К.Жаманбаев атындагы маданият үйү.
3. Ысык-Көл облусу– Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы маданият үйү.
4. Нарын облусу – Кочкор районунун Исакеев айылындагы И.Тентимишев атындагы маданият үйү.
5. Ош облусу – Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылынын маданият үйү.
6. Талас облусу– Кара-Буура районунун Шекер айылынын маданият үйү.
7. Чүй облусу – Кара-Балта шаарындагы В.И.Ленин атындагы маданият үйү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу