Билим жана маданият

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
27/12 15:11
 

Бишкекте корей маданияты жана корей тили фестивалы өттү

Бишкек, 27-декабрь /Кабар/. 16-ноябрдан 22-декабрга чейин №66 “Ден соолук жана өнүгүү мектеби” окуу-тарбия комплексинин базасында корей маданияты жана корей тилине арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бир айлыкты өткөрүүнүн максаты – окуучуларды башка элдин маданиятына, маданий салт-санаасына аяр мамиле кылууга үйрөтүү, аны тереңдеп үйрөнүүгө кызыгууну арттыруу жана Түштүк Кореянын маданияты жана руханий-нравалык баалуулуктары менен таанышууга шарт түзүү болуп саналат.

Иш-чаранын алкагында кыргыз-корей достугу фестивалы өтүп, анда корей маданияты жана корей тили бир айлыгынын жыйынтыгы чыгарылды. 326 окуучу корей ырын хор менен ырдоого катышты.

Өзгөчө белгилей кетүүчү жагдай, корей тили окутулбаган класстар корей ырларына өзгөчө кызыгышты. Корей тилин окуган окуучулар корей тилинде ошол элдин жомокторун сахналаштырып көрсөтүштү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу