26.12.2016, 12:26

Бишкекте Куйручук куудулду эскеришүүдө

Бишкекте Куйручук куудулду эскеришүүдө

Бишкек, 26-декабрь /Кабар/. Кыргыз Улуттук консерваториясында кыргыз элинин улуу акыны, манасчы жана куудулу Куйручуктун (Кудайберген Өмүрзак уулу) 150 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу башкалаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Куйручук курч сатираларды чыгаргандыгы, куудулдугу менен атагы чыккан. “Манас” жана башка элдик эпосторду мыкты айткан.
Куйручуктун оозеки айткан акылман сөздөрү, философиялык ойлору, келечекти көрө билгендиги анын өзгөчө кут даарыган адам экендигинен кабар берет.
Китеп көргөзмөсү мэриянын борбордоштурулган китепкана системасы тарабынан уюштурулган.

Маалымат үчүн: Куйручук (Кудайберген Өмүрзак уулу) 1866-жылы Жумгал районунун Кызыл-Туу айылында (азыркы Куйручук) жарык дүйнөгө келген.