Билим жана маданият

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
23/12 17:34
 

Түркияда “Үркүн” тасмасы көрсөтүлдү

 Түркияда “Үркүн” тасмасы көрсөтүлдү

Бишкек, 23-декабрь /Кабар/. Стамбулда “Үркүн” көркөм тасмасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тасма Стамбул шаарынын мэриясы жана Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер бирикмесинин колдоосу менен 20-декабрда көрсөтүлдү.

“Аталган иш-чарага тасманы жаратуучулар Мухтарбек Атаналиев жана Эрлан Жамгырчиевдер катышты. Тасманы көрүүчүлөрдүн кеңири аудиториясына көрсөтүү үчүн жергиликтүү бийлик органдары акысыз негизде Зейтинбурн маданий борборунан кинозал беришти”,-деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Стамбул шаарында жашаган КРнын жарандары, Стамбул шаарынын расмий кызматкерлери чакырылган.

Ошондой эле, иш-чаранын алкагында Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий музей-коругунун директору Г.Алымкожоева тарабынан 1916-жылдагы окуянын 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү өткөрүлдү.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу