21.12.2016, 15:14

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган иш-чара болуп өттү

Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган иш-чара болуп өттү

Бишкек, 21-декабрь /Кабар/. Айтматов атындагы китепканада Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу башкалаанын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Иш-чара Борбордоштурулган китепканалар системасы тарабынан уюштурулду. Кыргыз улуттук универсттетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери менен 2-курстун студенттери тарабынан Ч.Айтматовдун “Кызыл алма” жана “Солдаттын уулу” чыгармалары боюнча сценкалар коюлду.