Билим жана маданият

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
16/12 09:56
 

Бишкекте билим берүү чөйрөсүндөгү 2020-жылга чейинки концептуалдык-стратегиялык милдеттер талкууланды

Бишкек, 16-декабрь /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Европа биримдигинин “КРда билим берүү тармагын колдоо” долборунун колдоосу менен билим берүү чөйрөсүндөгү 2020-жылга чейинки концептуалдык-стратегиялык милдеттер боюнча семинар өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлери жана Кыргызстандын жарандык коом өкүлдөрү катышты.

Семинарда 2012-2020-жылдар аралыгында КРнын билим берүүсүн өнүктүрүү стратегиясынын негизги максаты - көрсөтүлүп жаткан билим берүү кызматтарынын сапатын көтөрүү үчүн ички жана тышкы ресурстарды натыйжалуу колдонуу жолу менен билим берүү системасын туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналары белгиленди.

Билим берүү саясатынын артыкчылыктуу багыты катары мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү жана жабдуу, мектептердин билим берүүнүн интерактивдүү/электрондук каражаттар менен камсыздалуусу, жумуш берүүчү менен ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн ортосунда тыгыз байланыш түзүү, ар бир окутуучунун ишине баа берүү системасын жайылтуу, профессионалдык билим берүү үчүн ссудаларды жана кайтарымсыз жардамдар системасын өнүктүрүү жана башкалар айтылды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу