13.12.2016, 17:35

А.Акматалиев: “Айтматовдун чыгармачылыгы океандай, ал дагы көптөгөн илимпоздордун изилдөө объектиси болот”

А.Акматалиев: “Айтматовдун чыгармачылыгы океандай, ал дагы көптөгөн илимпоздордун изилдөө объектиси болот”

Бишкек, 13-декабрь /Кабар/. Айтматовдун чыгармачылыгы океандай, ал дагы көптөгөн илимпоздордун изилдөө объектиси болот. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Кыргыз Улуттук Илимдер академиясы өткөргөн “Айтматов окуулары - 2016” аттуу илимий-практикалык иш-чарада академик Абдылдажан Акматалиев Айтматовдун буга чейин кыргыз журтчулугуна белгисиз болгон “Чоор жана жер” деген чыгармасы жөнүндө билдирүү жасап жатып айтты.

“Чыгарма 60-жылдардын орто ченинде, “Кош Гүлсарат” менен “Ак кеме” чыгармаларынын ортосунда жазылган чыгарма экен. Бул чыгармада дагы “Кош Гүлсарат” чыгармасындагы социалдык-драмалык кырдаал камтылган экен. Бул чыгарманы мен “Айтматов чет тилдерде” деген библиографиялык көрсөткүчтөн таптым. “Флейта и земля” деп турат. Бул чыгарма “Знамя” деген журналда 1973-жылы, “Литературный фронт” деген адабий журналда, андан соң 1976-жылы жазуучунун тандалган чыгармаларынын экинчи томдугунда жарыяланыптыр. Бул китепти издеп жүрүп Болгариядан таптык. “Чоор жана жер” чыгармасында Байымбет менен Шолпандын сүйүүсү жөнүндө баяндалган. Бул чыгарма орус тилинде дагы, кыргыз тилинде дагы жарык көрбөптүр. Бул Айтматов таануу илиминдеги сенсациялык көрүнүш деп айтса болот. Дагы бир сенсация – башкы каармандардын бири Асакеев деген болгон экен. Окуя боюнча бул каарман жаштарды Чоң Чүй каналын курууга үндөгөн партиялык кызматтагы адам болгон экен. Бул адам Шекер айылында иштеп кеткендиги билинди. Чыгармада Ата Мекендик согуш башталып калып, ал согушка кетет. Турмушта да ал согушка кеткен экен. Сталинграддын алдында баатырларча курман болуптур”-деди ал.

Ошону менен бирге А.Акматалиев Айтматовдун чыгармачылыгын океандай экендигин, дагы көптөгөн илимпоздордун изилдөө объектиси болоорун баса белгиледи.