Билим жана маданият

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
12/12 12:44
 

Бишкекте Кыргызстандын режиссер-айымдарынын 1-кинофоруму болот

Бишкек, 12-декабрь /Кабар/. Бишкектеги Кино үйүндө 17-декабрда Тарых жана маданият жылына жана кыргыз киносунун 75 жылдыгына карата Кыргызстандын режиссер-айымдарынын 1-кинофоруму болот. Бул тууралуу кинофорумдун арт-директору Зи Кубандык кызы билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын режиссер айымдарынын иштери өлкөнүн кинематографиясынын ажырыгыс бир бөлүгү болуп саналат.
“Акыркы 10 жылда өлкөдө киноиндустриянын жаңы толкуну жаралды. Жаш режиссерлордун, анын ичинда режиссер-айымдарынын мыкты фильмдери пайда болду. Кыска метраждуу фильмдердин жана документалдуу фильмдердин тармагы өнүктү”,-деп белгиледи ал.

Кыргызстандын режиссер-айымдарынын фильмдери эл аралык кинофестивалдарда баалуу сыйлыктарга татыды.

“Аталган кинофорум Кыргызстандын кинематографиясынын мындан ары өнүгүшүнүн жана режиссер-айымдарынын киносунун абалы жана бул жааттагы гендердик маселелер ачык талкууга алынмакчы”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу