Билим жана маданият

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
29/11 16:08
 

Көргөзмөдө С.Чокморовго арналган сүрөттөр жарым саат өтпөй сатылып кетти

 Көргөзмөдө С.Чокморовго арналган сүрөттөр жарым саат өтпөй сатылып кетти

Бишкек, 29- ноябрь /Кабар/. Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган Жумалыктын алкагында коомдук ишмер жана теле алып баруучу Ассоль Молдокматова "Фрунзе" галереясында “Сүймөнкул замандаштардын көзү менен” аттуу жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсүн уюштурду.

Ассоль Молдокматованын айтымында, экспозицияга 10дон ашык сүрөттөр коюлган.
“Жарым саат өтпөй сүрөттөр сатылып кетти. Бул чөйрөнүн кызматкерлери 1-мертебе сүрөттөр ушунчалык тездик менен сатылганын айтышууда”-деди ал.

Теле алып баруучу сүрөттөр карандаш, май жана акварель менен тартылганын, 5 миң сомдон 3 миң долларга чейин сатылганын белгиледи.
“Учурда эң кымбат делген 1 сүрөт калды, ага да кызыгып жатышат”-деп кошумчалады А.Молдокматова.

Көргөзмөгө Садык Мурзахановдун, Айып Алакуновдун, Рыскулбек уулу Кадырбектин, Амирбек Жумабаевдин, Асель Чаланованын, Сабиджан Бабаджановдун сүрөттөрү коюлган.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу