Билим жана маданият

Январь 2020
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
01/09 15:06
 

Ошто жаңы окуу жылына жаңы метеп ачылды

Ошто жаңы окуу жылына жаңы метеп ачылды

Бишкек, 1-сентябрь /Кабар/. Бүгүн, 1-сентябрда Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө кыргыз-казак өкмөтү биргеликте курган «Жетиген» мектеп-лицейи алгачкы окуучуларын кабыл алды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Мектептин ачылышына КРнын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Казакстандан келген өкүлдөр, мектеп окуучулары жана ата-энелер катышты.

Шаар мэри бардык нерсе билимден көз каранды экенин айтып, жалпы катышуучуларды Билим күнү менен куттуктады.

“500 орундуу орто мектеп Казакстан Республикасынын Президенти Н. Назарбаевдин каржылоосу менен курулду. Курулуштун жалпы сметалык баасы 102 млн 681 миң сомду, ал эми тендердик баасы 88 млн 611 миң сомду түздү. Мектептин курулушу өткөн жылдын июнь айында башталган, жалпы аянты 2,3 га. Бул мектептен келечекте өлкөнүн, шаарыбыздын өнүгүшүнө чоң салым кошкон чыгаан кыргыздын балдар-кыздары чыгат деп терең ишенебиз. Келечектин ээлери болгон өспүрүм балдар, мектепке бараткан окуучулар, силер бүгүн билим уясына бет алдыңар. Ар бир күнүңөр ушундай жарык болсун, жүзүңөрдөн жылмаюу, сүйүнүчтүн белгилери эч качан кетпесин”,-деди А.Кадырбаев.

Сооронбай Жээнбеков да келечек ээлерин Билим күнү менен куттуктады. Анын айтымында, быйыл билим берүү тармагына өлкө бюджетинин 20%ы бөлүндү.

Мектеп директору Кыябек Акматов көп тилдүү билим берүүчү мектепке окуучулар сынактын негизинде кабыл алынганын билдирди.

«Биз окуучуларга математика, информатика, химия, биология предметтерин тереңдетип окутабыз. Англис, орус, кыргыз тилдерине басым жасалат. Жалпы 1-8-класска 550 бала кабыл алынды. Окутуу акысыз жүргүзүлөт”,-деди К.Акматов.

1 из 8

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу