Билим жана маданият

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
20/04 13:36
 

Салттуу музыка жумалыгынын баш байгеси 300 миң сом

 Салттуу музыка жумалыгынын баш байгеси 300 миң сом

Бишкек, 20-апрель /Минара Ибдраева-Кабар/. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында КРнын маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Мирлан Самыйкожо билдирди.

Анын айтымында бул салтка айлана турчу Салттуу музыка жумалыгы бүгүнтөн баштап музыкалык окуу жайларда, жогорку окуу жайларда илимий конференциялар менен башталганы турат.

“Сынак 3 багыт боюнча өткөрүлөт: биринчиси айтуучулук багыт. Анда сынак манасчылык, дастанчылык жана акындык өнөр боюнча жүргүзүлөт. Экинчи багыт - аспапчылык багыт деп аталат: анда чертме, тартма, үйлөмө, какма жана урма аспаптар боюнча, эл эми үчүнчү багыт болсо обондуу ырларды аткаруу чеберчилиги, башкача айтканда элдик жана автордук ырларды аткаруучулук боюнча өткөрүлгөнү турат. Ага 16 жаштан 35 жашка чейинки өнөрпоздор катышат”,-деди М.Самыйкожо.

Анын айтымында, сынакты өткөрүү үчүн уюштуруу иштерине КР маданият маалымат жана туризм министрлигинен жалпысынан 679 миң сом бөлүнгөн. Анын ичинен 300 миң сом байке фондуна каралган. Ошондой эле, ал өз өнөрүн, талантын сынайм деген бардык каалоочулар үчүн эшик ачык экендигин кошумчалады.

Сынак 25-апрель күнү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда гала-концерт менен жыйынтыкталат.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу