Билим жана маданият

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
18/11 14:36
 

“Кыргыз Китеп” МИ директорунун орун басары Р. Кожобергенов: “Акын, жазуучулардын китептерин сатып беребиз”

“Кыргыз Китеп” МИ директорунун орун басары Р. Кожобергенов: “Акын, жазуучулардын китептерин сатып беребиз”

Бишкек, 18-ноябрь /Эмилбек Момунов-Кабар/. Мындан ары республикабызда китептерди басмаканадан басып чыгаруу, таратуу жана сатуу иштерин “Кыргыз Китеп” мамлекеттик ишканасы жүргүзөт. Аталган мекеме мындан тышкары жеке авторлор жана басмаканалар тарабынан чыгарылып, сатылып жаткан китеп жана китеп продукцияларынын сапаты, мазмунунан тартып, тиешелүү салык төлөмдөрүн жүргүзүп, мыйзамдын негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзгөндүгүнө чейин байкоо жүргүзүп турмакчы. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин журналистине “Кыргыз Китеп” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Рахимбек Кожобергенов билдирди.
“Азыр ар бир облустук жана райондук борборлордо экиден, айыл өкмөттөрдө бирден китеп дүкөндөр ачылууда. Анда негизинен КРнын президентине караштуу Улуттук тил боюнча мамлекеттик комиссия, жазуучулар союзу, Кыргызпатент, Китеп палатасы жана биз тарабынан түзүлгөн комиссиянын кароосунан өтүп жарыкка чыккан китептер сатылмакчы. Ошондой эле жеке каражатына же демөөрчүлөрдүн көмөгү менен басмаканадан басылып, бирок сатылбай жаткан акын, жазуучулардын китептерин сатып беребиз. Мында китептин баасы өтө кымбат болбойт. Себеби болгону 10 пайыз эле үстүнө кошулат. Мисалы, 100 сомдук китеп 110 сомго сатылат. Айрым авторлор биз менен түздөн-түз иштешсе да болот. Анткени азыр айрым китептин арты менен бизнес жасагандар авторлордун кол жазмасын арзан сатып алып, китеп кылып чыгарган соң авторуна 50 же 100 даана гана берип коюшат экен. Ошол эле учурда өздөрү бир нече эсе пайда көрүшүүдө. Мындан тышкары азыр ар кайсы китеп, гезит сатуучу жайлардагы китептердин мазмуну, сапаты жана мыйзамдуу иш жүргүзгөндүгү текшерилет”,- деди ал.
“Кабар-пресс” мамлекеттик маалымат кызматы
 

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу