Билим жана маданият

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
07/10 15:07
 

Директор Турдубек Мамбетов: “Эки жылдын ичинде өлкөбүздө авариялык мектептердин саны жоюлат”

Бишкек, 7-октябрь /Минара Ибраева-Кабар/. Эки жылдын ичинде өлкөбүздө авариялык мектептердин саны жоюлат. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов билдирди.

“Эки жылдын ичинде бизде бир дагы мектеп авариялык абалда болбошу керек экендигин өлкө башчыбыз билдирген. Анын негизинде, берилген тапшырмага ылайык бардык авариялык абалда турган мектептерди карап, эсептеп чыктык. Эсептөөлөрдүн негизинде жалпысынан 200 мектеп оңдоого муктаж экендиги аныкталган. Анын ичинен 100 мектеби жаңы салынса, 100 мектеп реконструкциядан өтөт. Бүгүнкү күндө оңдоодон өтүп, тапшырылган мектептердин саны 51ди түздү. Жылдын аягына чейин 70 мектеп тапшырылат. Андан сырткары кошумча 20 социалдык маданий мекемелер оңдоодон өткөрүлөт. Жалпысынан 90 мекеме ремонттон өткөрүлөт”,-деди ал.

Видео

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу