Билим жана маданият

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
28/04 11:10
 

Баку шаарындагы патриоттук ырлар сынагында Кыргызстан биринчи орунга ээ болду

Бишкек, 28-апрель /Алтынай Мураталиева - Кабар/. Баку шаарындагы патриоттук ырлар сынагында Кыргызстан биринчи орунга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйынында КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин жаштар иши боюнча комитет жана бейөкмөт уюмдар менен иш алып баруу боюнча бөлүм начальниги Мураталы Үчкемпиров билдирди.

КМШ мамлекеттери катышкан эл аралык сынакка 9 мамлекет өкүлдөрү катышкан, ал 21-23-апрелде Баку шаарындагы эл аралык атуулдук ырлар сынагы катары өткөн. Кыргызстандын намысын Гүлжигит Калыков, , Айбек Бактыбеков, Бек Исраилов жана Сталбек Жээнбек уулунан турган квартет коргогон. Мында сынактын негизги максаты - маданий карым-катыш аркылуу жаштардын патриоттук демин жогорулатуу, жаштарды бириктирүүгө багытталган. 

Министрликтин өкүлү С.Мустапаеванын айтымында, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жаштарды сынакка даярдоого көмөктөшкөн, калган чыгымдардын бардыгын чакырган тарап каржылаган. “Сынакта мыкты музыкалык мектепке ээ бир топ мамлекет өкүлдөрү күч сынашты. Ал эми биздин ырчылар сынакта өзүн эң жогорку деңгээлде көрсөтүп, алдыңкы орунга жетишүүгө мүмкүндүк алды”, - дейт ал.

Мындан тышкары, сынактын жүрүшүндө программа жыш окуяларга жык толду, таланттуу жаштар тажрыйба алмашып, алардын ортосунда таанышуу кечеси орун алды.
 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу