Билим жана маданият

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
28/04 09:40
 

Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенттери Түркиянын Кастамону университетинде билим алышууда

Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенттери Түркиянын Кастамону университетинде билим алышууда

Бишкек, 28-апрель /Эмилбек Момунов - Кабар/. Ж.Баласагын атындагы КУУнун студенттери Түркия мамлекетинин Кастамону шаарындагы Кастамону университетинде билим алышууда. “Мевлана“ программасы аркылуу 11 студент билим алуу үчүн 4-апрелде Түркияга жөнөп кетишкен. Бул тууралуу аталган программа аркылуу учурда Түркияда билим алып жаткан КУУнун журналистика факультетинин студенти Айжамал Түгөлбай кызы билдирди.

Студенттер сынактын негизинде ар кайсы факультеттерден тандалып алынган. Учурда Кастамону университетинде бардыгы өз бөлүмдөрүндө окуп жатышат. Билим алуу менен бирге кыргызстандык студенттер үчүн Түркиянын тарыхый жерлерине саякаттар уюштурулууда. 3 айга созулган билим алууга түзүлгөн бардык шарттарды Кастамону университети өз мойнуна алган.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу