Билим жана маданият

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
26/04 10:19
 

Ошто С. Чокморовдун 75 жылдык юбилейине карата марафон өткөрүлөт

Ошто С. Чокморовдун 75 жылдык юбилейине карата  марафон өткөрүлөт

Бишкек, 26-апрель /Эмилбек Момунов-Кабар/. КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен ССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сүймөнкул Чокморовдун 75 жылдык юбилейине карата 29 апрелде Ош улуттук драма театрында салтанаттуу марафон өткөрүлөт. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдирди.
Ыйгарым укуктуу өкүл С. Жээнбеков аппараттык жыйында аталган марафонду жогорку деңгээлде өткөрүү керек экендигин баса белгиледи. “Сүймөнкул Чокморов Кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири, мындай баатыр, таланттуу замандаштарыбызга өзгөчө көнүл бурушубуз керек, ал жараткан эмгектер бүт дүйнөгө белгилүү. Ошондуктан С. Чокморовдун 75 жылдык юбилейине арналган марафон жогорку деңгээлде өтүүсү үчүн жогорку жакшы даярдыктар көрүлүүгө тийиш”,- деген ал.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу