Билим жана маданият

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
16/09 13:07
 

“Ала-Тоо” жаңы конушундагы мектептин курулушу 6-7 жылдан бери каражаттын жоктугунан бүткөрүлбөй келет

Бишкек, 16-сентябрь /Махабат Момуналиева-Кабар/. “Ала-Тоо” жаңы конушундагы мектептин курулушу 6-7 жылдан бери аткаминерлердин шалаакылыгынан, каражатты уурдоолордун айынан бүткөрүлбөй келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында жаңы конуштун тургуну Мирлан Чынанов билдирди.
Анын айтымында, мектептин курулуш үчүн 67 миллион сом бөлүнгөн.
“Курулушка 67 миллион сом бөлүнгөндүгү маалым болду. Эки жыл аралыгында бул сумманын 10 миллион сому гана өздөштүрүлгөн. Калган акча кайсы жакка кеткендиги белгисиз”, - деп айтты М.Чынанов.
Ал 1 жыл мурун өлкө Президенти мектептин курулушун жыйынтыктоону талап кылгандыгын, бирок мэриядагы чиновниктер аны бүткөрүүгө шашпай жаткандыгын билдирди.
М.Чынанов “Ала-Тоо” конушунун тургундары өлкө бийлигине курулушту бүткөрүп берүү боюнча кайрылуу жолдошкондугун кошумчалады.
 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу