Билим жана маданият

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
03/09 10:37
 

Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин алтын фонду дагы 2 эмгек менен толукталат

Бишкек, 3-сентябрь /Махабат Момуналиева-Кабар/. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында музейдин директору Юристанбек Шыгаев билдирди.
Анын айтымында, Россиянын эмгек сиңирген сүрөтчүлөрү Михаил Омбыш-Кузнецов менен Вадим Иванкин Бишкекте уюштурган жеке көргөзмөсүнөн кийин бирден эң мыкты деген эмгектерин калтырып кетүүгө даяр.

“Кыргызстандын каржы министрлиги алтын фондду толуктоого, өлкө эгемендикти алгандан бери каражат бөлүп бере элек. Алтын фонд музейдин жеке демилгеси менен гана толукталууда”,- деди Ю.Шыгаев.
Ал россиялык сүрөтчүлөр калтыра турган эмгектин баасын айткан жок.
 

Видео
Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу